Төрага Асылбек Жээнбеков: "V чакырылыштагы кыргыз парламентинин негизги жетишкендиги - өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга, тынчтыкты бекемдөөгө кошкон салымы",- деп айтты. Мындай пикирин 1-июлда
Жогорку Кеңештин 5 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары бир дагы фракция көпчүлүк мандатка ээ болбогон, жогорку чыңалуудагы атаандаштыктын шартында иштешти. "Ошентсе да ар кыл саясий багытты көздөгөндүгүнө карабастан, беш фракция тең мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бирдиктүү ишмердүүлүктү жүргүзө алды. Анын натыйжасында өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган тарыхый чечимдер дээрлик депутаттардын колдоосуна ээ болуп, көпчүлүк мыйзам долбоорлорунун басымдуу бөлүгү 5 фракциянын тең өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыкты. Парламент өз ишмердүүлүгүндө президент институту жана өкмөт менен кызматташуунун пайдалуу формасын таба алды",- деди төрага.