Кыргыз жеринде бензиндин баасы көтөрүлүүдө. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин билдиришинче, "Газпром нефть Азия" ишканасы 27-июндан баштап күйүүчү майлар үчүн бааларды жогорулатты. АИ-80 үлгүсүндөгү бензин республика боюнча 50 тыйынга, АИ-92 Бишкекте жана Чүй облусунда 1 сомго, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 50 тыйынга кымбаттады. Баалардын кымбатташын агенттик Орусиянын заводдорундагы баалардын жогорулашына жана кыргыз жеринде импорттолгон күйүүчү майларга акциздик салыктын 2015-жылдын 1-июнунан тарта көбөйүшүнө байланыштырды.