Өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы
Кадырбек Эргешов кызматтан алынды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр
Темир Сариев кол койгонун бүгүн, 1-июлда
SUPER.KG порталына агенттиктен билдиришти. Анын ордуна агенттиктин жаңы жетекчиси болуп
Шейшенбек Бакиров дайындалды. Ш.Бакиров буга чейин Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы болуп иштеп келген.
Кошумчалай кетсек, Кадырбек Эргешов бул кызматка 2014-жылы 14-майда дайындалган.