Ошто ийне жутуп алган 11 жаштагы кызга операция жасалды

Ошто өпкөсүнөн операция жолу менен ийне алдырган 11 жаштагы кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Оштогу Облустар аралык балдар клиникасынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 11 жаштагы З.Орунбаева аттуу тургуну 28-июнь күнү жоолук салынып жатып оозуна тиштелген ийнени жутуп алган. Ал кийин өпкөсүнө барып сайылган. Жаш кыз Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилип, ал жерден көкүрөгү рентгенографияга тартылып, ийне өпкөсүнө барып такалганы көрүнгөн.

30-июнь күнү Орунбаева Ош облустук балдар клиникасына жеткирилип, тезинен операция жасалган. “Мындай операция Ош облустук балдар клиникасында биринчи жолу жасалды. Аны оорукананын директору Абдисамин Анарбаев жана хирург Калдар Айбашев жасады.

Учурда кыздын абалы канааттандырарлык, ал азыр тамчылатма дары алып, апасы жанында. Бейтап ооруканада орто эсеп менен дагы 10 күндөй жатат”,- деп билдиришти Ош облустук балдар клиникасынан.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aikol87
2015-07-01 13:03:13
Аиий жаман болгон турбайбы.Сакайып кетсин.
0
samina86
2015-07-01 13:55:39
ии менда жоолугумду ороп жатып 2,3 ийнени оозума тиштеп алам коркуп кеттим бечара жаман болуптур , АЛЛА шыпаасын берсин
0
Akkaynt
2015-07-01 15:05:13
Кудай сактасын денем калтырап кетти окуп алып жакшы болуп кетсин
0
sezimay
2015-07-01 18:34:08
кудай сактасын,
0
kama_future_millioner
2015-07-01 21:01:02
Аллах шыпааа берсин
0
banditka
2015-07-02 01:38:07
Опкого чейин тил тандай кекиртек деген нерселерден кантип отуп кетти экен чоон эле нерсе го...
0
naaazka
2015-07-02 09:19:47
kudaiym ozu saktaptyr. iyne kan arkyluu jylyp kete beretta. juroko baryp saiylyp kalywy da mumkun
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан