"Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы эң үнөмдүү парламент болду" дейт төрага

"Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы эң үнөмдүү парламент болду". Мындай пикирин бүгүн, 1-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган чакырылыштын бир да депутатына жер тилке же батир жеке менчикке берилген эмес. "5 жыл ичинде биз башка нукта иштедик. Коомдун, элдин көзөмөлүндө ачык-айкындуулук менен иштеп жаттык. Коомчулук тарабынан Жогорку Кеңешке карата абдан катуу сын-пикирлер айтылып келди. Биз туура түшүнүп, парламент аппаратында кыскартууларга бардык. 2012-жылы 142 адамды кыскарттык. Мындан тышкары төрага институтунда 5 автоунаа, төраганын 2 кеңешчиси жана 2 жардамчысы кыскартылды",- деди Жээнбеков.

"Айрым саясатчылар азыркы чыгашаларды 10-20 жыл мурдагы бюджеттин чыгашалары менен салыштырып сынга алышат. Бирок инфляцияны, айлыктык көбөйтүүсүн эске алсак, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын чыгашалары кыйла аз",- деп кошумчалады төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан