Бүгүн, 1-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков ондогон депутаттарга отурумдарга катышпаганы үчүн айып пул салууга аргасыз барганын билдирди.
"Жогорку Кеңештин Регламент жана этика боюнча комитети депутаттардын жыйынга келгенин көзөмөлдөп турат. Бул комитет ай сайын мага отчёт тапшырат. Мен депутаттардын ачуусуна карабастан, айып пул салууга барам",- деди төрага.
Бирок кайсы депутаттар жыйындарга эң көп келбегенин айтпай койду. "Мен төрага катары жыйындарга эң көп келбеген депутаттардын аттарын айта албайм. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин Регламент жана этика боюнча комитетинен ала аласыңар",- деп жооп берди журналисттерге.