№2-төрөт үйүнүн дарыгерлери маалына жетпей төрөлгөн баланы карабай, ымыркай каза болгону айтылууда
№2-төрөт үйүнүн дарыгерлери маалына жетпей төрөлгөн баланы карабай, ымыркай каза болгону айтылууда. Маалымат учурда интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Белгилүү болгондой, Эрмек Нургазиев келинчегин боюнан түшүп калуу коркунучу менен 25-июнда №2-төрөтканага алып барган. Дарыгерлер келинди операция жолу менен төрөтүшүп, 900 грамм салмактагы бала төрөлгөн. Алар Эрмек Нургазиевге баланын өлүү төрөлгөнүн айтышкан, ал эми атасы ымыркайдын тирүү экенин өзү көргөн. Өз убагында аппаратка туташтырылбаган бала 4 саат жашап, анан каза болгон. Э.Нургазиев дарыгерлердин жардам бербей койгону, шалаакылыгы үчүн арыз жазганы айтылды.