Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы 25 500 сом өлчөмүндө белгиленген. Мындай эмгек акы парламенттин атайын токтому менен бекитилген. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Жогорку Кеңештин иш башкаруучусу Алмазбек Кожомкулов билдирди.
Айта кетсек, депутаттар мамлекеттик чин, даражасына ылайык айлыгына кошумча каражаттарды алышат. Буга чейин депутат Өмүрбек Текебаев жалпы 45 миң сомдун тегерегинде маяна аларын билдирсе, депутаттар Улукбек Кочкоров 25 500 сом, Данияр Тербишалиев 31 680 сом аларын айтышкан.