Чек ара окуясы: Кыргыз аскеринин чек араны бузбоо талабына Өзбекстандын чек арачысы "каерди кааласам, ошол жерде жүрөм" деп жооп берген

"Кыргыз-өзбек чек арасында 29-июнда болгон чатакты кыргыз мамлекетинин чек арачылары баштаган" деген Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин билдирүүсү чындыкка жатпайт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 1-июлда ушундай билдирүү жасады. Маалыматка таянсак, чатактын башталышына буга чейинки макулдашууну бузган Өзбекстандын чек арачысы себепчи болду. 
"Өзбекстан тарап эки тараптуу келишимдерден аттап өтүп, кыргыз тарап менен кеңешпей туруп такталбаган чек ара аймагына куралдуу 6 аскер кызматкерин жайгаштырган. Кыргыз аскерлеринин мамлекеттик чек араны бузбоо талабына заставанын жетекчиси "мен каерди кааласам, ошол жерде жүрөм" деп жооп берген. Ортодон сөздөр өтүшүп, Өзбекстандын чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй биринчи болуп ок чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары окко ок менен жооп берүүгө аргасыз болушкан",- деп билдирет мекеме. 
Окуя болгон күнү эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуу өткөргөнү, бирок бир чечимге келе алышпаганы айтылды. Өзбек тарап күнөөсүн моюнга албай жатат. 
"Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Уларбек Шаршеев жаракат алган Өзбекстандын чек арачысынын тезирээк сакайышын каалады, бирок кыргыз тараптын атынан кечирим сураган жок. Кыргыз тарап Өзбекстандын Чек ара кызматын такталбаган, бир тараптуу маалымат таратууну токтотууга чакырат",- деп айтылат билдирүүдө. 
Эскерте кетсек, 29-июнда Баткенде эки өлкөнүн чек арачылары атыша кетишип, Өзбекстандын бир аскери жаракат алган. Мындан кийин өзбек тарап "кыргыз өлкөсүнүн мас чек арачысы Өзбекстандын чек арачыларына автоматтан ок жаадырды" деп билдирүү тараткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан