Ош шаарынын мэриясы кечээ, 30-июнда орозо кармаган 600 адамды ооз ачканга чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ага шаардын 600 тургуну, 12 аймактык кеңештин, уюм жана мекемелердин өкүлдөрү катышты. Келген конокторго Убайдулла ажы Сарыбаев орозо айынын мааниси, салт-санаа жөнүндө айтып берди. Ал эми Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев иш-чаранын катышуучуларын орозо айы менен куттуктап, сабырдуулукту жана бардык каалоо-тилектердин аткарылышын каалап өттү.