Кыргыз мамлекетинин Кувейттеги элчилиги 29-июнда аталган өлкөдөгү кыргыз өлкөсүнүн жарандарына ифтар (орозодо ооз ачарга арналган сый тамак) уюштурду. Катышуучуларды куттуктаган элчи Жусупбек Шарипов элчиликтин иши тууралуу маалымат берди. Кувейттеги кыргыздардын укугун жана кызыкчылыгын коргоодо көрүлүп жаткан чараларды атады. ТИМдин билдиришинче, Шарипов биометрикалык маалымат чогултуудагы активдүүлүгү үчүн жарандарга ыраазычылык айтты.
Чогулгандар өздөрүнүн жашоо шарты, жетишкен ийгиликтери жөнүндө айтып беришкенин билдирет мекеме.