"Газпром" Украинага газ берүүнү токтотту

Орусиянын "Газпром" компаниясы бүгүн, 1-июлдан тарта Украинага жаратылыш газын берүүнү токтотту. "Украина июль үчүн акча төлөгөн жок, ошондуктан бүгүн саат 10:00дө газ жеткирүү токтотулду. "Газпром" алдын ала акча төлөмөйүнчө кандай баада болсо да газ берүүнү улантпайт",- деп билдирди компания башчысы Алексей Миллер орусиялык ММКларга. 30-июнда "Нафтогаз Украина" компаниясы "Газпромдон" газ сатып алуу токтотулганын, анткени Венадагы үч тараптуу сүйлөшүүдө мындан ары газ жеткирүү боюнча макулдашылбаганын жарыялаган. Украина учурда жаратылыш газын Словакиядан гана импорттоп жатканы айтылды.   
Украина орус тарапка газдын тарифин төмөндөтүүнү сунуштап келген. Бирок Орусиянын энергетика министри Александр Новак мындай кылуу мүмкүн эместигин билдирди. "247 доллар - бул эң эле атаандаштыкка жөндөмдүү рыноктук баа. Украина тараптын мындан да төмөн бааны каалаганы таң калтырды. Бул бүгүнкү күндөгү рыноктун талаптарына шайкеш келбейт",- деп билдирди министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан