Орусиядагы эң көп чет өлкөлүк жарандар Украина жана Өзбекстандан, тизмеде кыргыз жарандары 9-орунда турат

Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын саны боюнча кыргыз өлкөсү 9-орунда турат. Мындай маалыматты бүгүн, 1-июлда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Орусия Федерациясынын аймагындагы чет өлкөлүктөрдүн эң көбүн Украинанын жарандары (2 миллион 579,8 миң адам) түзөт. Бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда Өзбекстан (2 миллион 149,8 миң адам), андан соң Казакстан (668,1 миң адам) жана Беларусь (553,6 миң адам) турат. Ошондой эле Орусияда Азербайжандын 548 миң жараны, Молдованын 545,5 миң жараны, Армениянын 516,7 миң жараны жашайт. Ал эми Кыргыз Республикасы бул тизмеде 9-орунда жайгашкан. Расмий маалыматтарга ылайык, Орусиянын аймагында 508 213 кыргыз жараны турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
bazar
2015-07-01 20:20:19
Казакстандык орус украин ж. б улуттар Россияга барып иштеп келишет. Алар орус тилдүү болгондуктан Россияда эч кандай маселеси жок, кыйналышпайт.
+1
kama_future_millioner
2015-07-01 20:51:15
Казактар аз болсо керек бизден
0
suimon2010
2015-07-01 20:56:57
таджиктер аз бекен?
+1
nurik2103
2015-07-01 22:26:57
Менда 2 жылдан бери бирда казак көрө елекмин
+1
FIRDAUS
2015-07-01 23:12:37
Оренбург Алтайский край жалан казактар так что статистика туура эле
+3
China1987
2015-07-02 01:07:16
Ар бир олконун калкына жараша да, ананда биздикилер кобу кара тизмеде.
0
banditka
2015-07-02 01:43:07
Коп эле казактар, алар тустору "агыраак, сулуураак" болушкандыгы учун, орус тилинен кыйналбагандыгы учун жакшы жумуштарда иштешет (уборщица дворник грузчик дегенди билишпейт)
0
temirbek77782
2015-07-02 03:21:40
Бул билдируунун темасына тушунуу кыйыныраак го?
0
Arslana
2015-07-02 10:08:47
temirbek77782, менин оюмча норма эле турат го дейм.
0
Beka1986
2015-07-02 04:53:59
Казакстандык орустар болушу мумкун,казакстанда орустар коп эмеспи.Бир куну Казанский вокзалга барып калдым бироону тоскону.Караганданын поезди келди деп калды радио узелден.Кызыгып атайы бардым,коргону.Казактар коп келет болду бекен же аз эле келишет болду бекен деген ойдо.Жок...жок,козу жымшыйган казактар.Бизден айырмасы жок болот эмеспи,окшош болуп.Жок...жооок эч кимиси.Жалан эле орус жана башка улуттагылар.Мисалы бизде Алматылык орус иштейт,инженер болуп.Ошондойлор коп тура.Казактар деле бар.
0
Drongo
2015-07-02 11:34:30
Украиндер коп билинбейт,орустарга окшош да.Мага окшош.А озбектер ото коп,жаандан кийин,быдырап чыккан козу карынга окшоп.Жердештеримди коргондо,Караколдо жургондой сезип кетем озумду.
0
zhusaliev89
2015-07-02 14:19:58
Кытай мн тажиктер да копго
0
Dinki
2015-07-02 17:41:39
Казактар Москва шаарында коп.бирок алар кара жумушта иштешпейт кочодо коргудой болбойсун
0
basyz-kaman.
2015-07-02 23:06:58
Казактар орусияда аз болсо аз, көп болсо көптүр, ага мынча башты ооруттуңар.
0
Gulya.akbaralieva
2015-07-03 10:22:12
Менимче 5 000 000 жарымы россияда. Аябай эле коп кыргыздар. Казахтар студееттер кообу. Иштегени келишпейт дагы
0
kubat_1973
2015-07-03 11:30:53
Ал коп бул коп дейсинер ээ айланайындар жазылып турат го кимдин канча экени.Жазылып турган нерсени да талашасынарбы.Бул маалыматты мамлекеттик статистика айтып атат талашкыдай же бир базардагы ушакчы аял айтса бир жон.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан