Мамлекеттик салык кызматы 25 жылдыгын белгиледи

Бүгүн, 1-июлда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Мамлекеттик салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, салыкчыларды мамлекет башчынын атынан КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан парламенттин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, премьер-министр Темирбек Сариев жана Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов куттукташты.

Салык кызматынын бир катар мыкты делген кызматкерлери президенттен жана премьер-министрден сыйлык алышты. Иш-чара майрамдык концерт менен аяктап, мекеменин мыкты кызматкерлери ар кандай ведомстволук сыйлыктарга ээ болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан