Быйыл абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү 3 тур менен өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Кабыл алуунун биринчи туру 7-12-июль күндөрү, экинчи туру 14-19-июлда, акыркы туру 21-26-июль күндөрү болот.
"Келишимдик негизде билим алууну каалагандар (күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү боюнча) үчүн негизги тестти колдонуу милдеттүү, кошумча предметтик тесттин жыйынтыгы артыкчылык берет. Гранттык жана келишимдик формада билим алуу боюнча сынакка негизги тесттен босоголук чектен жогорку балл алгандар киргизилет. 2015-жылы министрлик тарабынан негизги тест боюнча бирдиктүү босоголук балл 110, предметтик балл 60 балл деп бекитилген",- деп билдирет министрлик.