Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Алымбай Султанов кызматтан бошотулду

Бүгүн, 1-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өкмөттүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматында жыйын өттү. 

Белгилүү болгондой, премьер-министрдин көрсөтмөсү менен аталган кызматтын ишине байланыштуу арыз-даттануулар боюнча 2015-жылдын 25-июнунда мекемелер аралык комиссия түзүлүп, абал иликтенген. Иликтөө жыйынтыгына ылайык, Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматында оор кырдаал түзүлүп, органдын ишинин эффективдүү жүрбөй жатканы белгилүү болгон. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Эң башкысы, Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жогорку жетекчилеринин ортосундагы араздашуу кызматтын ишмердигине терс таасирин тийгизген. Мамлекеттик орган жетекчиси менен орун басарларынын бири-биринин үстүнөн арызданганы менин практикамда биринчи жолу болуп отурат. Бул кызмат өлкөдөгү баңгизатка каршы негизги координациялык мамлекеттик орган болгонуна карабастан, бул багытта эч кандай координациялык иштерди жүргүзгөн эмес",- деди Темир Сариев.

Премьер-министр аталган кызматтын негизги милдети трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалган баңгизаттардын контрабандалык каналдарын аныктап, жок кылуу экенин эскертип, акыркы жылдары мындай ишмердик жүргүзүлбөй калганын сынга алды. Буга байланыштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Алымбай Султанов өзү берген арыздын негизинде жана биринчи орун басары Гуламжан Анарбаев, орун басарлар Кубанычбек Алымкулов жана Саламат Шыйкымбаев ээлеген кызматынан бошотулушту. 

Башка жарлыкка ылайык, Рафик Мамбеталиев КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан