Мамлекеттик кадр кызматы 1-июлда саясий мамлекеттик кызматты ээлеген жарандардын 2014-жылкы кирешелери тууралуу тапшырган декларацияларын жарыялады. Андагы маалыматка таянсак:

Президент
Алмазбек Атамбаев былтыр 1 миллион 281 609 сом маяна алган.
Мамлекет башчысына таандык мүлктөр:
- Аянты 64 000 чарчы метр болгон көп жылдык дарак көчөтү өстүрүлгөн жер тилкеси;
- 2007-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр үлгүсүндөгү автоунаа;
- Жоопкерчилиги чектелген коом (кирешесинин 100 пайызына ээлик кылат, 2013-жылкы декларациясында "Форум" ишканасын көрсөткөн).
Өлкө жетекчисинин жакындары былтыр маяна катары 199 055 сом алышса, дивиденддердин эсебинен 26 260 сом, башка киреше булагынан 119 999 доллар киреше табышкан. Аларга таандык мүлктөр: 1 унаа токтотмо, 2 батир, кайсы бир компаниянын 86,28 пайыз акциясы.

Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбеков 2014-жылы 2 миллион 254 000 сом киреше тапканын көрсөттү (1 миллион 014 941 сомун маяна катары алган). Анын мүлктөрү:
- 1500 чарчы метр аянтты ээлеген үй;
- 9700 чарчы метр аянтты ээлеген имараттар жана курулмалар;
- 3500 чарчы метр аянтты ээлеген кафе-ресторан;
- 3000 чарчы метр аянтты ээлеген имарат, курулма;
- 6000 чарчы метр аянтты ээлеген жер тилкеси;
- 3000 чарчы метр аянтты ээлеген жер тилкеси;
- Кайсы бир ишкананын кирешесинин 47,6 пайызына (2013-жылкы декларациясында "Бий-Мырза" ААКсы деп көрсөткөн), кафе-ресторандын кирешесинин 19,1 пайызына, дагы бир ишкананын кирешесинин 33,3 пайызына, акционердик коомдордун биринин (2013-жылкы декларациясында "Алтын-Көл" ААКсы деп көрсөткөн) акциясынын 91,52 пайызына, жаныбарлар жана аарычылык бизнесинин кирешесинин 100 пайызына ээлик кылат.
Төраганын жакындары былтыр 160 000 сом киреше табышканы айтылды. Аларга караштуу 1 үй, 1 имарат бар.

Мурунку премьер-министр
Жоомарт Оторбаев өткөн жылы 1 миллион 401 000 сом киреше тапкан. Экс-премьер 1 батир жана 1 гаражга ээлик кылат. Жакындарына таандык бир жер тилкеси бар экенин көрсөттү декларацияда.
Айта кетсек, саясий мамлекеттик кызматты ээлеген жарандар жыл сайын декларация тапшырышып, жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу маалымат беришет. Декларацияга жалган маалымат жазып же документти толук толтурбагандарга атайын айып пулдар каралган. Бирок туура эмес маалымат бергени үчүн айып төлөө жоопкерчилигине тартылган бир дагы чиновниктин аты атала элек. Жогорку Кеңеш жакында мыйзам кабыл алып, саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдарды өздөрүнүн кирешелери менен кошо жакын туугандарынын да кирешелерин декларациялоого милдеттендирди.
Декларация толтурган жарандар өздөрүнүн жана жакын туугандарынын чет өлкөдөгү активдери менен мүлкү жөнүндө да маалымат берүүгө тийиш.