Бишкекте температуранын +40°Cден ашканына байланыштуу сугаруу иштери күчөтүлгөн режимде жүрүүдө
Бишкекте температуранын +40°Cден ашканына байланыштуу сугаруу иштери күчөтүлгөн режимде жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 2-июлда билдирди. Маалыматка караганда, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери түнкү саат 23:00дөн баштап таңкы 07:00гө чейин баш калаадагы бакчаларга отургузулган гүлдөрдү, дарактарды сугарууда. Ишкананын директору Рыспек Сарпашев күн ысыган убакта бактарды кургап калуудан сактоо үчүн кошумча аракеттер көрүлүп жатат.