Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевди I даражадагы Манас ордени менен сыйлады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди I даражадагы Манас ордени менен сыйлады. Тийиштүү буйрукка кол коюлганын бүгүн, 2-июлда президенттик аппараттан билдиришти. Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилени өнүктүрүүгө, эки өлкө ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон бараандуу салымы үчүн Н.Назарбаев аталган орден менен сыйланат. 
Эскерте кетсек, былтыр 7-ноябрда Казакстандын президенти Н.Назарбаев А.Атамбаевге эки мамлекеттин ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий мамилелерин өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн I даражадагы Достык орденин ыйгарган.
Манас ордени - Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыгы. Акыркы жолу бул орден кыргыз мамлекетинин мурунку башкы прокурору Аида Саляновага (II даражадагы Манас ордени) ыйгарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан