Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Медан аймагындагы индонезиялык аскердик-транспорттук учактын кыйроосунан улам көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген кырсыкка байланыштуу Индонезия Республикасынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Сетья Новантого көңүл айтты. Көңүл айтуу телеграммасында мындай деп айтылат:
“Улуу даражалуу Сетья Нованто мырза, 2015-жылдын 30-июнунда Медан аймагында индонезиялык аскердик-транспорттук учагынын кыйроосунан улам көптөгөн адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айткан сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм”.
Эскерте кетсек, 30-июнда Индонезияда Hercules C-130 аскердик учагы кулап, борттогу 113 адам каза тапкан. Учак абага жаңы көтөрүлгөндө Суматра аралындагы Медан шаарында жайгашкан мейманканалардын үстүнө кулаган. Кырсыктан каза болгондордун жалпы саны 140тан ашканы маалымдалды.