Ошто "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам" деген темада тегерек стол өттү

Ош облустук жана Ош шаардык юстиция башкармалыгында 2-июлда "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы талкууланган тегерек стол өттү. Юстиция министрлиги билдиргендей, иш-чарага аталган жардамды көрсөтүүгө укуктуу 20 адвокат катышты. "Негизинен тегерек столдо "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" мыйзам боюнча реестрге кирген адвокаттардын кезекте туруу графигин катуу сактоо, адвокаттарга өз убагында аткарган иштери боюнча акы төлөө маселелери каралды жана адвокаттар июль айына түзүлгөн кезекке туруу графиги менен таанышып чыгышты",- деп билдирет министрлик. 
Мындан тышкары адвокаттар тарабынан мамлекеттик нотариалдык кеңсеге келген сурама каттар, аларга жооп берүүнүн тартиби тууралуу Ош шаардык мамлекеттик нотариалдык кеңсенин өкүлү түшүндүрмө бергени айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан