Алмазбек Атамбаев менен Улуттук банктын төрагасы ишкерлерди арзан насыялар менен камсыздоо жолдорун талкуулашты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-июлда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчыга Улуттук банктын ишмердигинин негизги багыттары, банк жана төлөм системинин туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каржылык мекемелердин жана ишкерлердин арзан жана узак мөөнөттүү насыяларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу багытында өз ара аракеттенишүүсү боюнча чараларын дагы талкуулашты.

Мамлекет башчы эл аралык каржылык рыноктордогу жана кыргыз мамлекетинин соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналган өлкөлөрдүн экономикасындагы кырдаалга Улуттук банктын мониторинг жүргүзүүсүнүн өзгөчө маанисин белгиледи. 

Президент улуттук экономиканы мүмкүн болчу тышкы таасирлерден тобокелдиктерди мүмкүн болушунча азайтуу зарылдыгын да белгиледи.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан