Жогорку Кеңештин депутаттары Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын сессиясына катышат

Жогорку Кеңештин делегациясы 5-9-июлда Финляндиянын Хельсинки шаарында өтүүчү Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын ар жылдык сессиясына катышат. ЖКнын билдиришинче, сессиянын алкагында ЕККУга мүчө 57 мамлекеттен барган парламентчилер үч комитеттин биргелешкен резолюциясын, анын кошумча пункттары менен түзөтүүлөрдү талкууламакчы.

Жыйын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин делегациясы ЕККУ ПАнын саясий, экономикалык маселелер, илим, технология жана айлана-чөйрө көйгөйлөрү, демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча жалпы комитеттеринин ишине катышат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Ташполот Балтабаев жана Роза Акназарова бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан