Бишкектеги +41°C ысыкта тургундар көлгө жана фонтандагы сууга түшүшүүдө (фоторепортаж)

Өлкө аймагында күн ысып, абанын температурасы +41°Cден ашты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттиги 4-июлга чейин күн катуу ысып, өзгөчө кырдаал жаралышы мүмкүн экенин билдирген. Бишкек шаарында да күн ысып, мелүүн жел жүрүүдө. Ысыктан сактануу үчүн шаар тургундары көлмөлөрдө сууга түшүп жатышат.
1. Бишкекте абанын температурасы +41°C болду.
2. Шаардын көчөлөрүнөн фонтанга чуркагандарды көрүүгө болот.
3. Фонтан аралап сергип жүргөндөр да арбын.
4. Сууга чөмүлгөндөрдүн көпчүлүгү жаш балдар.
5. Алардын арасында ысыкка чыдабай сууга түшкөн ата-энелер да бар.
6. Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандын айланасынан да шаардыктарды көрүүгө болот.
7. Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү фонтан иштебей турат.
8. Улуттук филармониянын маңдайына орнотулган фонтандын бир бөлүгү иштеп жатат.
9. Улуттук филармониянын маңдайындагы фонтандын экинчи бөлүгүнүн көрүнүшү.
10. Саламаттыкты сактоо министрлиги күн ысыганда чак түштө сыртта жүрбөөнү сунуштаган. Шаар көчөлөрүндө, коомдук унааларда адамдар демейдегиден аз.
11. Фонтандын суусунун чачырандыларына туруп сергип жаткан тургундарды да көрүүгө болот.
12. Шаардагы сейил бакта орун алган көлдө ысыктан сактанган тургундардын да саны көп.
13. Учурда кары-жаш дебей сууда сүзгөндөрдү көрүүгө болот.
14. Кара-Жыгач сейил багындагы Комсомол көлү.
15. Кара-Жыгач сейил багындагы Комсомол көлүнөн көрүнүш.
16. Көлдөгү сууну, жээгин таза деп айтууга болбойт.
17. Ысыктан сактанып Кара-Жыгач сейил багында көлөкөдө отургандар да, сууга түшкөндөр да көп.
18. Комсомол көлүнүн жээги.
19. Комсомол көлү.
20. Комсомол көлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
asia_29
2015-07-03 19:47:12
Москвага жай келбедиго.Сууга тушконго болбойт.Суукго бул жак быйыл.
0
A3A
2015-07-04 01:56:13
asia_29, күндүн бети көрүнбөй калса эле бүттү үшүп баштайсың
0
daniel87
2015-07-03 20:26:04
Екатеринбургда бугун шамал болуп мезгил мезгили менен ношорлоп жамгыр жаап жатат.элдер сыртта жазгы курткаларын кийип журушот
0
Adi.Avazbekov
2015-07-03 21:11:26
Moskvada 25° ele boltat. Wamal keede jamgyr noworlop jaap jatat.
0
demo009
2015-07-03 21:20:11
быйыл жайдын келишине квота калбай калыптыр,
0
Drongo
2015-07-03 21:50:32
Daniel.Мазза-деген эмне?Кыргыздын созу эмес го,ээ.
-1
kirgizstan
2015-07-03 22:00:26
Drongo,мазза деген ох зор,укмуш, ммм деген оштуктар биз мазза маззада дейбиз мазза кылышыптыр
0
saltanat.
2015-07-03 21:58:53
Дронго, мазза деген "аябай" деген сөз. Же өллө деп коебуз го ошол сыяктуу)))
0
messidinho
2015-07-05 18:07:46
saltanat., мазза деген жыргал деп которулат өзбек тилинен.
0
elijan
2015-07-03 22:50:24
Биз Норильсктебиз +3 шамал жамгыр
0
daniel87
2015-07-03 23:57:48
elijan, норильск аябай суук жер почти жай болбойтта ал жакта туурабы?Кыргызым корбогон жер калбады окшойт
0
bermet104
2015-07-03 23:25:33
Тюменьде дагы 3 кундон бери жамгыр...
0
feruza86
2015-07-04 01:02:52
питерде бугун +26 болду
0
Aksy1993
2015-07-04 01:09:30
Arizona штатында 50 гр.н жогору болуп жатат.
0
sis-zero
2015-07-04 01:10:37
Новосибирск +38 элдери сууда жашап жатышат 3 4 кундон бери.))
0
Sharipa-asia
2015-07-04 02:25:04
Москвада быйыл кун жылыган жок жана жай мезгил да отуп жатат уже
0
karona
2015-07-04 05:01:10
Орозонун урматына кун салкын
0
nurzada78
2015-07-04 12:10:04
"Кун ыссыккы,абдан ыссыккы" болуп жатат экен да,суйуктуу мекенимде!
0
karasuu
2015-07-06 04:15:53
ой Камчаткада бир айдан бери жамгыр :((( же жамгыры деле тугонуп деле калбады +8 +10 жылуу (((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан