Бишкектин Ленин
районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары "Ала-Арча" сейил багында эс алышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда мэриянын
басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, эс алууга жалпысынан 170 бала, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар барышты. Чыгармачыл балдар борбору, Ленин райондук спорт комитети балдар үчүн атайын оюндарды, кол өнөрчүлүк сынактарын жана театрлаштырылган көрүнүштөрдү уюштурду. Мындан тышкары балдарга муздак суусундуктар жана ысык тамак-аш берилди.