Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев өлкөдөгү маалымат каражаттарына жарыяланган Чүй облусундагы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы Улуу Британиядан келген фермерге кол салууга байланыштуу чырды иликтөө тапшырмасын берди.
Премьер-министр өкмөт инвесторлордун коопсуздугун жана укугун коргоо боюнча бардык аракеттерди көрүп жаткан учурда мындай окуялардын орун алышы кыргыз жериндеги инвестициялык климатка терс таасирин тийгизерин белгиледи. Буга байланыштуу ички иштер министрине аталган окуяны териштирип, жыйынтыгы боюнча коомчулукка кабардар кылууну тапшырды.