Бүгүн, 4-июлда кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган веложүрүшкө жана спорттук иш-чараларга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Веложүрүш алкагында катышуучулар Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынан эски аянтка чейин веложүрүш жасашты.
«Ден соолугу чыӊ адам - жалпы өлкөнүн байлыгы. Дени сак улут гана кубаттуу, өнүккөн мамлекет кура алат. Ошондуктан спорт менен дене тарбияга олуттуу мамиле кылып, өз ден соолугубузга кам көрсөк, жалпы мамлекет үчүн пайда келтиребиз. Бул жагынан өлкө башчысы, бардык жетекчилер бүгүнкүдөй иш-чараларга катышуу менен үлгү болушубуз керек»,- деди Т.Сариев.
Андан соң Бишкектеги эски аянтта 900гө жакын адамдын катышуусу менен дене тарбия көнүгүүлөрү жасалды.