Пенсия менен жөлөк пулдарды элге бербей, өз эсебине өткөрүп алган Шопоков шаарындагы почта бөлүмүнүн кызматкерлерине Сокулук райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 3-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, почта бөлүмүндө иштеген жооптуу кызматкерлер 2015-жылы жарандарга жөлөк пул жана пенсия үчүн бөлүнгөн 71 847 сомду өз эсебине өткөрүп алышкан. Ошондой эле отчёттук документтерге жарандарга 80 247 сом төлөнгөнүн жазып коюшкан. Мындан сырткары жол эрежелерин бузган айдоочулар төлөгөн айып пулдарды (8400 сом) тийиштүү мекеменин эсебине которушкан эмес. Натыйжада мамлекетке 80 247 сом зыян келтирилип, факты боюнча кылмыш иши козголду.