Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялар курамы алмашты. Бул тууралуу 4-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Алмазбек Атамбаевге Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн 13 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.
Мамлекет башчы көрсөтүлгөн талапкерлер менен 2015-жылдын 26-июнунда жана 30-июнунда аңгемелешүү өткөрдү. Алар боюнча материалдар, ар түрдүү мамлекеттик органдардан кошумча алынган маалыматтар жана пикирлер менен таанышып чыгып, ошондой эле маектешүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине бир талапкер боюнча материалдарды кайтарып берип, 12 талапкерлер боюнча аталган кеңештин сунуштарын колдоду.
Ушуга байланыштуу мамлекет башчы 2015-жылдын 3-июлунда 4 жарлыкка кол койду.
Биринчи жарлык менен сынактын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган 12 талапкер, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, 5 жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттун судьяларынын кызмат орундарына дайындалышты.
Экинчи жарлыкка ылайык, дайындалган 12 судья Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилишти.
Үчүнчү жарлык менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун иштеп жаткан судьялары толук курамында (11 киши) ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Төртүнчү жарлык менен сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун судьяларынын кызмат ордуларына дайындалгандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун төрт судьясы кызматынан бошотулду.
Жарлыктарга ылайык, судьяларды дайындоо, жөнөтүү жана бошотуу 2015-жылдын 6-июлунан баштап ишке ашырылат.
Сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун судьялар корпусу жаңылангандыгын белгилеп кетүү зарыл. Жаңы курамга штат боюнча мурда иштеген 13 судьянын экөө өттү, жаңы 6 судья келди, анын төртөө мурда судья кызматында иштеген эмес.
Ошондой эле 2015-жылдын 30-июнунда президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы кызматына 4 жаңы талапкер менен аңгемелешүү өткөрдү. Бул талапкерлер боюнча материалдар менен таанышып, аңгемелешүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен мамлекет башчы алардын ичинен үчөөнү Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна дайындоо жана ыйгарым укуктарын жүргүзүү жөнүндө 2 жарлыкка кол койду.
Ошондой эле мамлекет башчы Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Бишкек шаардын сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан А.К.Осмоновду ээлеген кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотту.