2015-жылдын I жарымында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгашасы 47 миллиард 541 миллион 469 900 сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мунун ичинен эмгек акыга 12 миллиард 389 миллион 346 800 сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарга 8 миллиард 411 миллион 756 900 сом жумшалган. "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар" беренеси 3 миллиард 314 миллион 996 200 сомго, "имараттар жана курулмалар" беренеси 2 миллиард 944 миллион 66,6 миң сомго каржыланды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жумшалды жана мамлекеттик карызды тейлөөгө сарпталды",- деп билдирет министрлик.