Премьер-министр Темир Сариев 4-июлда Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) мамлекеттик органдардын жана Отун-энергетикалык комплексинин жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйын жүрүшүндө премьер-министр Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жана "Электр станциялары" ишканасынын жетекчилигине бардык оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо жана отун камдоону жылытуу мезгилинин башталышына дейре жүргүзүү тапшырмасын берди.
Өкмөт башчы “Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун ишке ашырылышы менен жеринде таанышып, буу казандар цехин демонтаждоо иштерин көзөмөлдөдү. Андан кийин борбордук ЖЭБди реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча коюлган пландын сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жыйынтыкталышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Реконструкциялоо жыйынтыкталган соң, ЖЭБ өз кубаттуулугун 812 мегаваттка дейре жогорулатат, учурда анын кубаттуулугу болгону 360 мегаватты түзөт.
"Аталган объект 1958-жылы курулуп, 1961-жылы пайдаланууга берилгенин эске алсак, андагы жабдуулардын көбү эскирген. Бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштер абдан көлөмдүү жана маанилүү",- деди премьер-министр.
Эскерте кетсек, Бишкектеги ЖЭБди реконструкциялоону кытайлык ТBEA компаниясы ишке ашырууда, бул багытта мамлекеттик кепилдик боюнча 389 миллион доллар бөлүнгөн. План боюнча борборду модернизациялоо иши 2017-жылдын соңуна карай жыйынтыкталышы керек.