"Коомдо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды басынтып, укуктарын тебелегендер көп. Мисалы, өз туугандары майыптарды пайдаланып, акчасын алат да, кийин жок болуп кетишет. Алардын укуктарын коргогон уюмдар өтө аз болуп жатат". Мындай оюн бүгүн, 6-июлда маалымат жыйынында
"Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү" коомдук фондунун президенти Толкунбек Исаков билдирди.Ал белгилегендей, укук коргоо боюнча иштеген уюмдар бар, бирок алардын басымдуу бөлүгү туруктуу бир багытта иштебейт. Тактап айтканда, алар бир күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргосо, экинчи күнү балдардыкын, кийин аялдардын укуктарын коргошот.