Бүгүн, 6-июлда Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын 5 жыл аралыгында аткарган иштери тууралуу журналисттерге маалымат берип жатат. Фракция лидери Турсунбеков 2010-жылдагы окуялардан кийинки өлкөгө орнотулган тынчтыкты фракциянын негизги жетишкендиги катары баалады.
"Жогорку Кеңеш, анын ичинен биздин фракция парламентке 2010-жылы Апрель жана Июнь окуяларынан кийинки кыйын абалда келди. Ал учурдагы максатыбыз кыйын абалды жумшартуу, тынымсыз митингдерден арылуу, өлкөнү туруктуулукка алып келүү болчу. Ал ишке ашты десек болот. Өлкөдө эркин коом пайда болду, анткени эркин басылмалар курч маселени көтөрүп чыгып, куугунтук көрбөй иштеп жатышат. Тилекке каршы, мурунку бийлик учурунда ачык жазган басма сөз өкүлдөрү куугунтукталып кетчү, азыр андай фактылар жок. Бул өлкөнүн өнүгүү жолунда баратканын түшүндүрөт. Өзүңүздөр да билесиздер, мамлекетибиз жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыкты. Ошондуктан бүгүн биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирдик",- деди Турсунбеков.