Чыныбай Турсунбеков "5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесине быйыл чекит коёт" деди

"Кумтөрдүн" айланасындагы чечилбей келе жаткан маселелерге 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш быйыл чекит коёт". Бул тууралуу депутат Чыныбай Турсунбеков 6-июлда Жогорку Кеңеште өткөргөн маалымат жыйынында SUPER.KG порталынан берилген суроолорго жооп берип жатып билдирди. 
Бирок маселени чечүү жеңил болбой турганына токтолду. 

"Кумтөр" экономикалык маселеден саясий маселеге өтүп калган. Ошондуктан бир нече жылдан бери чечилбей келе жатат. Бул үчүн парламент тарап, өкмөт кулаган. Эл күбө, бүгүн "Кумтөрдүн" айланасындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн президент баш болуп күч жумшап, аракет кылып жатабыз. Экономикабызга өтө кирешелүү тармак болгондуктан, баарыбыз кылдат болушубуз керек. Эртең элдин канын кызытуу максатында пайдаланбаш керек. Мен айтып коёюн, быйыл чечебиз",- деди Турсунбеков. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан