Райондор аралык соттордун биринчи жолу дайындалган судьяларынын окуусу аяктады

Жогорку Соттун алдындагы Судьялардын окуу борборунда 3-июлда райондор аралык соттордун биринчи жолу дайындалган судьяларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын программа боюнча курс аяктады. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, судьялар үчүн окууларды Жогорку Соттун жана жергиликтүү сотторунун судьялары, отставкадагы судьялар, экс-судьялар жана илимий юристтер өткөрүштү.

"22-июндан 3-июлга чейин Кыргыз Республикасынын райондор аралык сотторунун биринчи жолу дайындалган судьялык стажы жок 16 судьясы 80 сааттык курстан өтүштү. Окуунун аягында модулдук тестирлөө өткөрүлүп, сертификаттар тапшырылды. Окуу программасы материалдык жана процесстик укукту терең билүү, судьянын көндүмдөрү жана этика-деонтологиялык блокторунан туруп, окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 10 күндү түздү",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан