Эльвира Сариева: "Жаңы технологияларды колдоно билген мугалимдерди даярдашыбыз керек"

Бүгүн, 7-июлда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жайылтуу боюнча Орто Азия симпозиумуна катышты. Симпозиумдун максаты - мугалимдердин новатордук жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзүү.

“Балдарыбыздын татыктуу билим алуусун камсыз кылууда мугалимдер маанилүү ролду ээлешет. Ошондуктан биз жаңы технологияларды колдоно билген кадрларды даярдоого көңүл бурушубуз керек”,- деди Сариева.

Министрликтин билдиришинче, бүгүнкү иш-чара Орто Азия өлкөлөрүнө мугалимдерди даярдоосуна байланыштуу кийинки кадамдарды талкуулоо үчүн мүмкүнчүлүк жана педагогикада маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу боюнча негизги багыттарды берет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан