Укук коргоочу: "Кыздарды сабап, интернетке тараткандарды мыйзам боюнча жоопко тартуу керек. Мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн атайын борборлорду түзүү зарыл"

Интернет айдыңында "патриотпуз" деп көкүрөк каккан кыргыз жигиттеринин пайда болушу коомчулукта чоң талкуу жаратып келет. Алар чет өлкөдө, анын ичинде Орусияда жүргөн мигрант кыз-келиндерди "тарбиялоо" максатында суракка алганын видеого тартып, аны интернетке жайылтуу менен "патриоттугун" көрсөтүп жатканы акыркы жылдары көбөйүп барат. 

"Патриоттор" ур-тепкиге алган дагы бир кыргыз кызы тууралуу кезектеги видео 6-июлда интернетке тарады. Муну азыркы тапта коомчулук талкуулап жаткан учур.
Бул боюнча SUPER.KG порталына бүгүн, 7-июлда Адам укуктары боюнча Эдвокаси борборунун юристи Улан Бекмуратов: "Кыздарды сабап, аны интернетке тараткандарды мыйзам боюнча жоопко тартуу керек. "18 жашка чыккан кыз башка улуттун өкүлү менен көңүл ачпасын, эс албасын" деп мыйзамда жазылган эмес. Кыздардын чет өлкөлүктөр менен эс алуусуна эмне түрткү болгонун жана балдардын сабап, видеого тартканга баруу себептерин аныктап алуу абзел. Негизинен мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн чет өлкөлөрдө, ошол эле Орусияда атайын кризистик борборлорду түзүү зарыл",- деп билдирди.
Кыргыз кыздарына "тарбия" берүүнү максат кылып, бирок туура эмес иштерге балдар намыстанып барып жатканын кошумчалап: "Кыргыз кыздарынын чет өлкөлүк жарандар менен эс алуусуна жалпысынан бүгүнкү күндөгү экономикалык кырдаал да себеп болууда. Кыздар барып эле чет өлкөлүккө "мен макулмун" деп жүрүп албайт да, жумушу жок болгондуктан, ачка калбаш үчүн ар түрдүү кадамдарга барышы мүмкүн. Эгер жашоо шарты кыйын болуп турган убакта кыз башка улуттун өкүлү менен таанышса, ал тамак, акча берип, үйүнө жаткырышы деле толук ыктымал. Кыйын кырдаалга туш болгон кыздарга жардам берчү кризистик борборлорду ачуу зарыл. Орусияда мындай окуялар көп катталып жатат, анын алдын алууга элчиликте иштеген адамдар жетишпеши мүмкүн. Ооба, диаспоралар да иштеп жатат, бирок көйгөйгө мамлекет тарабынан да көңүл бурулушу керек",- деди юрист.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
banda-312
2015-07-07 14:36:01
Ошода кечке кыздарды андып журоушобу булар озу тиги кызды чечиндирбей эле кийими менен озун кошо тартпайбы
+1
kobra86
2015-07-07 16:17:02
banda-312, туура айтасын чыныгы патриот болсо кыздын ауратын корсотпой эркек болсо оздорун кошуп тартпайбы жооп керчеликтен качпай алар эркек ХХХ ХХХ!!!
+1
admin_portal
2015-07-07 16:26:22
kobra86 - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз.
0
Holerik10
2015-07-07 14:39:16
Тирилик деп кетип атышатта зарыл болгону учун болбосо Кыргызстанда Эле журушмок
+1
Bors
2015-07-07 14:48:03
Мейли биздин кыз келиндер барып иштесин журсун Россияда. Бирок башка улуттун адамдарынын астында как мусор болуп журсо жинин келетда. Бизде намыс деген бар озбек таджик айзер орустар айтып атса кече бир киргизканы антим минтим деп ачуу келет, обидно болот экен. Неге ошол башка улуттун кыздары туш келген улуттар менен журбойт, бир жакшы оздорунун улутундагы жигиттер менен эле журушот. Аларда намыс уят деген бар биздин кыздарда намыс уят жок туш келгендин астына жатып берет. ХХХ ХХХ ХХХ...
+5
admin_portal
2015-07-07 14:53:25
Bors - эскертүү!
Үгүт иретиндеги провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Bors
2015-07-07 14:51:16
Кыргыз кыз келиндери башка улуттун адамдары менен конул ачпасын журбосун деген мыйзам киргизуу керек биздин генди ушул кыздар бузуп атышат.
0
karabek
2015-07-07 15:02:09
Улан Бекмуратов Биздин эже карындаштар ээн эркин басалбай калды орусяда .Кыргыз кызы корунсо башка улуттар чуркап келип тийишип таанышканга аракет кылышат Себеби бир кумалак бир карын майды чиритет дегендей алар бардык кыргыз кыздарын женил ойлуу ойлоп алышкан Билбей эле Турсунбек Акунга окшоп доодурой бербегиле сураныч.
0
kobra86
2015-07-07 15:05:52
Патриоттордун озу ушу ыйык рамазан айында кылгандары туура эмес!!!
+2
karabek
2015-07-07 15:08:54
kobra86,Ыйык рамазанда КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ алты озбек менен сууда ХХХХХХХХХ Туурабы? Патриот эмес ХХХ ХХХ ХХХ...
+3
admin_portal
2015-07-07 15:18:34
karabek - эскертүү!
1. Жалаң баштамгалар менен жазууга,
2. Үгүт иретинде жазылган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
kobra86
2015-07-07 15:29:38
патриооот болуп корунбой эле койушсун энесин жети атасын оозуна алып согунгонучу... пендени пенде жазалаганга акысы жок! патриооотторун оздорун Аллахтан улук койбосун!!!
+5
samsungc3
2015-07-07 15:48:38
"патриот" деп оздорун атагандар ушундай да иш аткарабы.
+2
Guiza
2015-07-07 16:54:07
ХХХ ХХХ ХХХ... tuura emes jurso jini kelet da namys degen bolush kerek bolgondo dagy chet jerde ozunun abiyirin saktap ele jurushso kyrgyz kyzdary...jandy keyitet ХХХ ХХХ ХХХ... kuioogo tiyip chyksa uiunon chykpai tyz jurup biroo mn suilowup kaira turmuw kurgan on dep oiloim
+1
admin_portal
2015-07-07 16:58:28
Guiza - эскертүү!
Үгүт иретиндеги провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
zhykyo
2015-07-07 17:40:29
Олаа
0
EdikoKG
2015-07-07 18:34:21
Я за. Молодцы !
+1
st1m_
2015-07-07 23:21:46
Бизде бир кошуна кыз бар эле.Бир бар бир жок болуп эле калат.Бир келет бойонуп кыска юбка кийип дискотекага бартам бир орус менен журуп атат элем деп.Копко жоголуп кетет да пайда болот узун койнок кийип жоолук салынып, тажик менен журуп атат элем ушундай кийин деди деп.Коруп отуруп кудай эле жеткирсин дейсин башка айла канча, он айтсан тескерилеп озунду куноолойт оз ишим деп.Бир эсептен патриоттор туура эле кылыптыр дейсин алигилердин жоругун коруп, бир эсептен боорун ооруйт каап деп.
+3
bakyt_2015
2015-07-08 10:11:50
Элин саткан,эрин саткан,
Эрмектеп денин саткан.
Туруксуз максат чеккен,
Тууп салып таштап кеткен-деп Шайлообек авам ушундайларды коруп жаны кейигенде жазса керек да
0
temirov76
2015-07-08 11:52:35
Урматтуу юрист мырза алгач ошондой борборлорду тузуп алып анан патриотторду тыйсаныздар болмок,озунуздордун колунуздардан келбегенден кийин жакшы иш алып барып жаткан жигиттерге тоскоол болбосонуз жакшы болот,а кыздарга кайрыларым чет жерге барып жумушун журушпосо оз жерине келип кухняда идиш жууп же дунгандын полясында иштесен да жашоон отот же ошентип жургонду намыс корбой поляда иштегенди намыс коросунорбу,мен бул созду ошондой жолдо жургон кыздарга айтып жатам.
0
nazhiev80
2015-07-08 14:30:32
биз эркек болуп жоон эле иштеп журобузго,не кыздар созсуз эркек менен журуш керекпи журом десенер кыргыздар барго!дагы айтасынар кыргыздар бага албайт деп,не силердин атанар кыргыз эмеспи? Ушунча жашка чейн багып чонойттуго! Же жаш кезинерде да башка улуттар бакчу беле!
0
peri0308
2015-07-08 15:10:25
nazhiev80, Беш баласын таштап, кыргызстанга Россияга келип, орус кемпирдин уйуно кирип лолунун эркегиндей болуп жаткан эркектерди эмне кылса болот анда...?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан