"Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

“Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам кыйроодон сактоо кызматтарын, кыйроодон сактоо түзүлүштөрүн түзүүнү жана иштешин камсыз кылуу жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну өркүндөтүүгө, алардын милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктоого багытталган. Кыйроодон сактоо жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө катышкан куткаруучулардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле куткаруучуларды жана жарандарды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин карайт. Мыйзамда өзгөчө кырдаалды жоюуга катышкан куткаруучуларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо жаатындагы ченемдер такталган.

Мыйзам өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тутумунун курамдык бөлүгү катары кыйроодон сактоо кызматтарын түзүүнүн жана иштешинин механизмдерин бекемдөөнү камсыз кылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан