Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун капиталы 250 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу 7-июлда аталган фонддун кеңешинин экинчи отурумунун жыйынтыктарына арналган маалымат жыйында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, каражаттар фондго бир канча транш менен келип түшкөн. Сентябрь айына карата дагы 50 миллион доллар түшүүсү күтүлүүдө.
“Отурумда фонд ишмердүүлүгүнө байланышкан маанилүү маселелер каралды. Алардын ичинде фонддун эркин каражаттарын Кыргыз Республикасынын финансылык-кредиттик мекемелерине жайгаштыруу болчу. Буга чейин мындай маселе көңүлдөн сырт калып келген. Эркин акча каражаттарын эл аралык уюмдарга жана Орусиянын кээ бир банктарына гана жайгаштыруу маселеси көтөрүлүп келген. Отурумда биз тараптан көтөрүлгөн бул маселени кеңештин мүчөлөрү колдоп беришти. Менин оюмча, мындай чечим Кыргыз Республикасынын банк системи жана жалпы эле экономиканын өнүгүшү үчүн абдан маанилүү”,- деди министр.
Эске салсак, 2014-жылдын 24-ноябрында уставдык капиталы 500 миллион долларды түзгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана ишмердигин жүргүзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансылык инструменттерди пайдалануу жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы өзүн өзү актай турган долбоорлорду каржылайт:
- агрардык өнөр жай комплекси;
- кийим тигүү жана текстиль өнөр жайы;
- кайра иштетүү өнөр жайы;
- тоо кендерин иштетүү жана металлургия өнөр жайы;
- транспорт;
- турак жай курулушу;
- соода;
- ишкердикти өнүктүрүү;
- инфраструктураны өнүктүрүү.