Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Баткенге барды

Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев бүгүн, 8-июлда Баткен облусуна барды. Дүйшөнбиев бүгүн түшкө чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкууламакчы. Эки өлкөнүн чек ара бөлүмдөрүнүн өз ара кызматташтыгына тийиштүү маселелерди сүйлөшөрүн Чек ара кызматынан билдиришти. 
Эскерте кетсек, 6-июлда Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, Тажикстандын бир жараны октон жаракат алган. Чырдын башталышына Баткен-Исфана жолунда бара жаткан кыргыз жарандарын тажиктердин таш бараңга алышы себеп болгону жарыяланган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан