Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 7-июлда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери катышкан чуулуу окуя боюнча аталган мекемеде жыйын өткөрдү. Жыйында айдоочудан 5000 сом талап кылган жол-кайгуул кызматкерлеринин окуясы талкууланып, алардын кызматтык этиканы сактабагандыгы айтылды.
"Интернетте жарыяланган видеону жеке өзүм жана премьер-министр көрүп чыкты. Жол-кайгуул кызматкерлери өздөрүн одоно алып жүрүшөт жана жазаланбай турганын сезишип айдоочудан акча талап кылышты. Жол-кайгуул кызматкерлери өздөрү жол эрежесин бузушту",- деген Маматалиев буларга жеңил жаза берилип калганын белгилеп, аталган кызматкерлер иштеген түзүмдүн тийиштүү жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону ИИМге тапшырды.
Вице-премьер айдоочудан акча талап кылышкан кызматкерлерди иштен алуу талабын койгонун билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.