Мамлекеттик кадр кызматы 2014-жылкы кирешелери тууралуу декларация тапшырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын тизмесин жарыялады. Андагы маалыматка таянсак, парламенттеги 5 фракциянын лидери былтыр төмөнкүдөй киреше табышкан:
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков
Айлыгы - 1 миллион 047 454 сом.
Башка кирешелери - 11 миллион 360 030 сом.
"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов
Айлыгы - 1 миллион 169 229 сом.
"Ата Журт" фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошова
Айлыгы - 1 миллион 077 355 сом.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Айлыгы - 1 миллион 058 047 сом.
"Республика" фракциясынын лидери Максат Сабиров
Айлыгы - 714 463 сом.
Былтыркы кирешесинин суммасы боюнча депутат Шаршенбек Абдыкеримов (112 миллион 707 469 сом тапканын көрсөттү) менен Азамат Арапбаев (94 миллион 058 515 сом) алдыда.