Эльвира Сариева Ош шаарындагы жогорку окуу жайларын кыдырууда

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева бүгүн, 10-июлда Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын абитуриенттерди кабыл алуу иши менен таанышат. Ош мамлекеттик университетинде жалпы республикалык тестирлөө талондорун кабыл алуу, алардын жыйынтыгынын ата-энелерге жана абитуриенттерге жеткиликтүүлүгүн текшерди. Абитуриенттер жана ата-энелер менен жолугушуу өткөргөнүн бүгүн аталган министрликтен билдиришти. 
Сариева кабыл алуу процесси аяктагандан кийин жалпы республикалык тестирлөө аркылуу кабыл алуудагы босоголук балл, кабыл алуунун сапаты боюнча анализ жүргүзүлөрүн окуу жай жетекчилерине эскертти. Белгилей кетсек, быйыл абитуриенттерди кабыл алуу 3 тур менен өтмөкчү. Биринчиси - 7-12-июль, экинчиси - 14-19-июль, үчүнчүсү 21-26-июлда өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан