Каржы министрлиги: Жарым жылда фермерлерге 2,6 миллиард сом жеңилдетилген насыялар берилди

Кыргыз мамлекетинде "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоорунун алкагында 2015-жылдын 6 айында дыйкандарга 2 миллиард 629 миллион 792 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Каржы министрлигинен билдиришти.  

"Бул долбоор “Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер – 1, 2” жана “Айыл чарбасын каржылоо – 1, 2” долбоорлору түрүндө өкмөт тараптан ишке ашырылуучу республиканын агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын уландысы. Коммерциялык банктардын жана адистештирилген каржы-кредиттик мекемелердин фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүдөгү чыгашаларын жабуу катарында “Айыл чарбасын каржылоо – 3” долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттин каражаттарынан 2015-жылы 210 миллион сом, 2016-жылы 120 миллион сом бөлүү каралууда",- деп билдирет министрлик.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан