Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешев түптөгөн "Ак ниет" партиясы күзүндө өтчү парламенттик шайлоого КСДП менен барат. Бул тууралуу депутат өзү 10-июлда социалдык түйүндөрдөгү баракчасы аркылуу жарыялады. Мындай чечимге партиясынын азырынча жетиштүү салмагы жоктугу үчүн барганын айтат депутат.
"Ошондой эле президенттин өлкөнү өнүктүрүү үчүн аткарып жаткан иштерин эске алып парламенттик шайлоого КСДП менен барууну чечтим",- дейт депутат. Айта кетсек, Дастан Бекешев 2010-жылы Жогорку Кеңешке "Ар-намыс" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.