Жол-кайгуул кызматы: 2015-жылдын алгачкы 3 айында автокырсыктар азайды

Кыргыз мамлекетинде 2015-жылдын алгачкы 3 айында жол кырсыктарынын саны мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,1 пайызга азайды. Биринчи кварталда автокырсыктан каза тапкандардын саны 8 пайызга, жаракат алгандардын саны 5,8 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда ИИМдин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Жол кырсыктарынын саны: 
2014-жылдын 1-кварталында - 3207;
2015-жылдын 1-кварталында - 3011;
Жол кырсыктарынан каза болгондордун саны: 
2014-жылдын 1-кварталында - 461; 
2015-жылдын 1-кварталында - 424;
Жол кырсыктарынан жаракат алгандардын саны:
2014-жылдын 1-кварталында - 4660;
2015-жылдын 1-кварталында - 4387. 
Жол кырсыктарынан балдардын каза болушу да азайганы айтылды. Былтыркы жылдын алгачкы 3 айында балдардын катышуусунда 609 кырсык катталса, быйыл 574 кырсык болду. Каза болгондордун көрсөткүчү 21 пайызга азайган. "Бирок бул бизди кубандырбайт, анткени жарандардын өмүрүн жана ден соолугун алган жол кырсыктары уланууда",- деп билдирет мекеме. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан