Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери
Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктү таратууга азыр негиз жок экенин 10-июлда басылмалардын бирине билдирди. Депутат коалицияны шайлоо алдында таратуу кооптуу экенин айтат.
"Эгерде коалициялык көпчүлүк таратылса, анда өкмөттү кайрадан түзүү керек болот. Ага убакыт жок, анткени өкмөт шайлоонун өтүшүн камсыздашы керек",- деди депутат.
Ошондой эле ал "Ата Мекен" фракциясы коалициялык көпчүлүктөн чыгуу ниети жок экенин кошумчалады. "Башка фракциялардын коалициядан чыгуу боюнча расмий сунуш алган жокпуз жана биз дагы мындай кылууга барбадык",- деди Текебаев.