Президент Алмазбек Атамбаев 10-июлда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда. Өлкө башчы уюмдун мурунку саммитинде Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген макулдашууну эртерээк ратификациялоо керектигин эске салды.
"Дүйшөмбү шаарындагы саммитте Кыргыз Республикасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда чек ара аймактарында ишенимди бекемдөө тууралуу макулдашуу түзүү жана кол коюуну демилгелеген. Мындай макулдашууга биринчи жолу Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосунда кол коюлуп, эки өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификацияланды. Муну уюмга мүчө башка мамлекеттер да колдойт деген үмүттөмүн",- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.