Ош шаарындагы "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын дебитордук карызы учурда 27 миллион сом. Маалымат бүгүн, 10-июлда Ош шаарынын мэриясында өткөн жыйында айтылды. “Дебитордук карыздарды кыскартуу максатында "Жылуулук камсыздоо" ишканасы тарабынан карыздарды убагында төлөбөгөн 192 абоненттин үстүнөн жалпы суммасы 3 миллион 116 миң сомдук доо иштери Ош шаардык сотуна өткөрүлүп, 102 абоненттин 1 миллион 230 миң сом карызы ишкананын пайдасына чечилип, учурда 183 миң сомдон ашыгы өндүрүлдү",- деп билдирди Ош шаардык мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчиси Рысбек Нурдиновдун иштей албай жатканын айтып эскертүү берди.
“Силер кышында жылуулук берип жаткан учурда эле акчасын чогултуп алсаңар болот эле. Бул - ишке болгон салкын мамиленин белгиси. Быйыл СССР доорунан калган от казандарды толугу менен жаңылайбыз деп аракет кылып жатсак, силер өзүңөрдүн саткан товарыңардын акчасын ала албай отурасыңар”,- дейт Кадырбаев.