Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясы “Менин сүйүктүү жерим” долбоорун улантууда. Жакында төртүнчү жолу райондун балдарын “Ала-Арча” сейил багына эс алдыруу уюштурулду. Мэриядан кабарлашкандай, анда Ак-Өргөө, Ала-Тоо жана Ак-Ордо конуштарынан 185 бала эс алды. Балдарга ысык тамак жана муздак суусундуктар берилип, райондогу Балдардын чыгармачылык борборунан жана Спорттук комитеттен оюндар, бий, спорттук мелдештер, тоого чыгуу уюштурулду.